Бүгүн, 18-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Беларусь Республикасынын борбор калаасы Минск шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Кеңешинин жыйынына катышты.
Жыйында сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев ушул жылдын январь айында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу милдети Беларусь Республикасына өткөнүн эске салып, Кыргызстан алдыдагы иш-пландарды ийгиликтүү ишке ашырууга көмөктөшөрүн кошумчалады. Муну менен катар өткөн жылы уюмдун алкагындагы Парламенттик ассамблеянын түзүлгөндүгүнө 15 жыл толгонун белгилеп, жамааттык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы алакаларды мындан ары да өнүктүрүү зарылчылыгына токтолду.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасы ЖККУнун потенциалын чыңдоого өзгөчө маани берерин айткан Нурланбек Шакиев: “Заманбап чакырыктар жана коркунучтар мамлекеттер аралык саясий-экономикалык алакаларга терс таасирин тийгизери анык. Андыктан, аларды чечүү үчүн компромисстик ыкмаларды издөө, ошондой эле көйгөйлөрдүн келип чыгышынын себептерин жоюу боюнча кызматташтыкты бекемдөө учур талабы. Биз кандай гана чыр-чатактар болбосун тынчтык жолу жана дипломатиялык ыкмалар менен жөнгө салууну жактайбыз”, – деди.
Ошондой эле жыйында Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер талкууланып, тиешелүү моделдик мыйзамдардын долбоору боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Төрага Марлен Маматалиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмуш менен жолугушту. Тараптар кыргыз-түрк кызматташтыгына тиешелүү маселелерге токтолушуп, парламенттер аралык...
Стамбул шаарында өткөн жолугушууда тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, парламенттер аралык алакаларды арттыруу жаатында пикир...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелдеги жыйынында Жээнчороев Мирлан Канатбековичке № 21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеӊештин депутатынын бош...
Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...
Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...