Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында Таш-Көмүр шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Аталган борбордун имараты 1958-жылы пайдаланууга берилип, азыр анда 6 бөлүм жайгашкан. 30 дарыгер, 114 орто медициналык кызматкерден турган жамааттын башкы талабы имаратты жаңыртуу жана заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо. Ошондой эле борбордо дарыгерлердин жетишсиздиги да негизги маселе. Оорукананын кызматкерлери менен баарлашкан төрага түзүлгөн шарттын начардыгына карабай жасап жаткан иштери үчүн ыраазычылык билдирди.
“Таш-Көмүр шаары Бишкек-Ош унаа жолунун боюнда жайгашкандыктан, жергиликтүү тургундардан тышкары, жолоочулар да ушул ооруканага кайрылышары белгилүү. Андыктан, шаар үчүн эле эмес, жалпы өлкө үчүн мааниси чоң бул медициналык жайды толук оңдоп-түзөөдөн өткөрүү маселесин атайын планга киргизебиз”, – деди Нурланбек Шакиев.
Муну менен катар борборго Жогорку Кеңештин төрагасы эки медициналык муздаткычты тапшырды.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында (Казакстан) өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммиттин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Мамлекет башчысы климаттын...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-апрелде Астана шаарында өтүп жаткан Регионалдык экологиялык саммитке келди. “EXPO” Эл аралык көргөзмө борборунун аянтчасында президент...
Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында социалдык-экономикалык багыттагы актуалдуу маселелер козголду. Депутат Дастанбек Жумабеков Кыргыз-Түрк «Манас» университетине байланыштуу жагдайды көтөрүп, окуу...
Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мирлан Жеенчороевдин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, ал...
Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзамдын...