Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаттары Украинадагы окуяларга байланыштуу экономикалык жана улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча Министрлер кабинетинин маалыматын угушту. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев катышты.
Депутат Дастан Бекешев журналисттерге билдиргендей, бензин жана газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу Министрлер кабинетинин өкүлдөрү маалымат беришкен. «Мен башка жашыруун нерселерди уккан жокмун. Кыргызстанга каршы санкциялар тууралуу сөз болгон жок. ЖМКлар ЕАЭБге карата киргизилет деп жазып жатышат, ушундай сүйлөшүүлөр болуп жатат. Кыргызстандын банктарына кандай таасир этет деп сурадык. Менин оюмча, биздин өкмөт Тышкы иштер министрлиги, маалымат каражаттары аркылуу маалымат алат», — деди ал.
Бекешевдин айтымында, аскерлерди жөнөтүү маселеси жабык эшик артында талкууланган эмес. «Бул тууралуу эч кандай сөз болгон жок. Ташиев жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары катары катышты», — деди ал.