Ысык-Көлдө суу мотоциклине тыюу салуу каралган мыйзам долбоору комитетте колдоо тапты

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу («Ысык-Көл» экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу ɵнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине)» мыйзам долбоору каралды. Демилгечи – депутаттар Эльдар Сулайманов, Элмурза Сатыбалдиев, Нуржигит Кадырбеков, Бактыбек Сыдыков, Марлен Маматалиев.

Демилгечилердин бири Эльдар Сулайманов белгилегендей, сунушталып жаткан мыйзамдын долбоору Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) — ички күйүүнүн туруктуу кыймылдаткычы же суу үстүндө глиссирлөө жолу менен жүрүүгө ылайыкташкан электр кыймылдаткычы бар жогорку ылдамдыктагы персоналдык суу транспорт каражатын пайдаланууга тыюу салуу максатында иштелип чыкты. Эльдар Сулайманов мыйзамынын долбоорун демилгелөөнүн себеби, акыркы убакта жайкы туристтик сезондо Ысык-Көлдүн аймагында суу мотоцикли (гидроцикл) катышкан кырсыктар көп катталып, анын кесепетинен эс алуучулардын арасында адам өмүрлөрү кыйылып жатканы түрткү болгонун билдирди.
Талкууда депутат Жаныбек Кыдыкбаев бул тармакта иштеген жергиликтүү тургундардын жумушсуз каларын эске алып, мыйзам долбоорундагы тыюу салууларга каршылыгын билдирди. Ал бул багытта суу мотоциклдерин колдонуу эрежелерин жеткиликтүү иштеп чыгуу сунушун берди. Комитет төрагасы Аманкан Кенжебаев туристтердин эс алуусун эске алып, суу мотоциклдерин коомдук пляждардан жана пансионаттардан башка аймактарда колдонууга уруксат берүү сунушун айтты. Эл өкүлү Султанбай Айжигитов бул багытта көйгөй бардыгын эске алып, мыйзам долбооруна карата тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин пикирлерин сурады.