Казакстандык рэп аткаруучу, ырчы Сей Мо кайненеси үчүн жолдошу менен ажырашат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Тагыраагы, кайненеси жана жолдошу болуп тушкөн сүрөттү жүктөп, төмөнкүдөй билдирүү жазган:
“Бул калпычы аял мага тынчтык бербей келет. Мен аны баарыңарга мактаганда адашып жатканымды билбептирмин. Кечирип койгула, достор! Силер туура айтыптырсыңар. Кайнененин жакшысы болбойт экен. Ал ушактарга ишенип, өзүнүн эмес, досторунун оюу менен жашайт экен. Анын жоруктарына канча ирет көз жумдум. Бирок бул жолу чыдай албадым. Менимче бул “чоң адамдын” эң акылсыз жоругу. Айланамда мындай адамдын болушун каалабайм. Мындан улам жолдошум экөөбүз бири-бирибизди канчалык жакшы көрсөк да, мен ажырашуу үчүн арыз таштоого аргасызмын. Өкүнүчтүү” деп жазган ал.

Белгилей кетсек, Сей Мо ушул жылдын октябрь айында казакстандык актёр Серик Шарипке турмушка чыгууга макулдугун берген.










