Ура! Кыргызстан Мьянманы 2:0 эсебинде жеңди

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан Мьянма курама командасы менен беттешти. Оюн Кыргызстан курама командасынын жеңиши менен аяктады.

Экинчи таймда эсепте өзгөрүү болгон жок. Биринчи таймдын оюн эсебин 25-мүнөттө чабуулчу Виктор Майер ачып берип, экинчи голду да Виктор Майер 45-мүнөттө Кыргызстандын эсебине кошкон болчу.