Азия кубогу — 2023. Кыргызстан менен Мьянманын беттешинде эсеп ачылды

Бүгүн, 11-июнда Бишкекте футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан Мьянма курама командасы менен беттешип жатат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо кечки саат 20:00дө башталды.

Оюндун 25-мүнөтүндө чабуулчу Виктор Майер гол киргизди. Эсеп ачылып, Кыргызстандын пайдасына 1:0 болду.

Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия кубогуна жолдомо үчүн F тайпасында жайгашкан командалар менен беттешет. Буга чейинки оюнда Улуттук курама команда Сингапур менен кез келип 2:1 эсебинде жеңишке жеткен. Бүгүн Мьянма курама командасы менен ойносо, 14-июнда Тажикстан менен оюн талаасына чыгат.

2023-жылы өтө турган Азия кубогунун тандоо турниринин матчтары алты өлкөдө уюштурулууда. Алар: Индия, Кувейт, Малайзия, Монголия, Өзбекстан жана Кыргызстан.

Азия кубогунун тандоо оюндарынын акыркы баскычында 24 команда алты тайпада ойноп жатат. Бул оюндардын жыйынтыгында тайпанын лидерлери жана экинчи орунду ээлеген беш мыкты команда финалдык баскычка өтөт.

Азия кубогу 2023-жылы 16-июндан 16-июлга чейин Кытайда өтөт.