Баракелде! Кыргызстандын курамасы Сингапурду 2:1 эсебинде жеңди

Бүгүн, 8-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Азия Кубогунун тандоо оюндары башталды. Анда Кыргызстан менен Сингапурдун курамалары беттешип, беттеш 2:1 эсеп сандары Кыргызстандын жеңиши менен аяктады.

Биринчи тайм 0:0 менен аяктаган. Эсеп сандар 2-таймдын 54-мүнөтүндө ачылды. Сингапурдун футболчусу 1-голун киргизип, командасын алдыга чыгара алды. Ал эми 75-мүнөттө Кыргызстандын курамасынын оюнчусу Валерий Кичин пенальтиде эсеп сандарын теңеди.

Виктор Майер оюндун 80-мүнөтүндө экинчи гол жаратып, Кыргызстандын жеңишин камсыздады.