Футбол: Кыргызстан менен Бангладеш курамасынын беттеши башталды (сүрөт, видео)

Бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Үч улуттун кубогунун эл аралык турнири башталды.

Беттешүү үчүн оюн талаасына Кыргызстан менен Бангладештин курама командалары чыкты. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да эки өлкөнүн гимни менен башталды. Оюнду көрүүгө президент Садыр Жапаров да келди.