30 талапкерден тандалган футбол боюнча улуттук кураманын жаңы башкы машыктыруучусу бекитилди

Бүгүн, 24-апрелде Кыргыз футболдук союзунун аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусун бекитүү маселеси болду. Бул тууралуу аталган союздан билдиришти.

КФС техникалык директору талапкерлерди издөө боюнча аткарылган иштер тууралуу маалымат берди. 30 талапкер каралып, анын ичинен курама команданын башкы машыктыруучусу кызматына эң ылайыктуу 5 талапкер тандалды. Жыйынтыгында КФС Аткаруу комитетинин чечими менен Словакиядан келген адис Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп бекитилди.

Улуттук кураманын 50 жаштагы жаңы машыктыруучусунун УЕФА Pro машыктыруучулук лицензиясы жана Кыргызстандын курама командасын жетектөө үчүн жетиштүү тажрыйбасы бар.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусунун жардамчысы катары Штефан Таркович төмөнкүдөй жетишкендиктерге ээ:

“Bangkok Cup” Кубогундагы жеңиш/2018-жылдын март айы;

ЕВРО 2016/2016-жылдын июль айы плей-оффко чыгуу;

Словакия курама командасынын ФИФА рейтингиндеги эң жогорку орду (14-орун) / 2015-жылдын августу.

Словакия курама командасынын башкы машыктыруучусу катары:

 ЕВРО-2020га чыгуу / 2020-жылдын ноябрь айы.

УЕФАнын аналитиги болгон.