Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунун алтын медалын жеңди.
Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштады. Кыргызстандык кыздын биринчи атаандашы Кытайдан келген спортчу болду. Медет кызы аны 3:0 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык спортчу Түндүк Кореянын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттеште Медет кызынын атаандашы индиялык Ритика болду.
Беттештин аяктарына 15 секунд калганда эсеп сандар Ритиканын пайдасында 6:2 болчу, бирок Медет кызы 15 секунд ичинде биринчи 4 балл, андан кийин 2 балл алганга жетишти. Ошентип, беттеш 6:6 эсебинде Медет кызынын жеңиши менен аяктаган соң, Индиянын машыктыруучулар штабы кайра кайталап көрсөтүүнү талап кылышты. Калыстар туура чечим чыкканын билдиришти. Беттеш 7:6 эсебинде Айпери Медет кызынын жеңиши менен аяктады. Муну менен Айпери Медет кызы Азиянын үчүнчү жолку чемпиону аталды.