«Ар бир беттеш биз үчүн маанилүү»,- деди Айпери Медет кызы Түркияда өткөн Ислам шериктештик оюндарында алтын медаль алгандан кийин.
«Мен Ислам оюндарында 4 беттеш өткөрдүм. Алардын баары жакшы өттү. Ислам оюндарына экинчи жолу катышып жатам. Биринчи жолу катышканда коло медалдын ээси болгом. Бул жолу алтын утум», — деди ал.