Сербияда өтүп жаткан 23 жашка чейинки спортчулар арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Айпери Медет кызы ийгиликтүү старт алды.
Кыргызстандык мелдешти бүгүн 76 килограммга чейинки салмак категориясында баштады. 1/8 финалдык баскычтагы биринчи беттеште ал Эквадордон барган спортчу менен беттешип, туше менен жеңишке жетти. Анын кийинки атаандашы АКШнын спортчусу болот.