Айпери Медет кызы 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо утуп алды. Ушул күндөрү Сербияда лицензия үчүн Дүйнө чемпиондугу өтүп жатат.
Балбан 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, ага жалпысынан 29 спортчу катышкан. 19-сентябрда кыргызстандык Румыния, Беларусь, Канада жана Колумбиянын спортчуларын 4 жолу катары менен жеңип, финалга чыккан.
Финалдык беттеш 20-сентябрда болот. Бул жыйынтык Айпери Медет кызына Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга кепилдик берет. Бул Кыргызстан үчүн биринчи лицензия.
Посмотреть эту публикацию в Instagram