Айсулуу Тыныбекова Баткенде жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрөт

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ) df. Veranika IVANOVA (BLR)

Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

«Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, эркин күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 11-12-декабрь күндөрү Баткен облусуна барат. Иш сапардын алкагында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен жолугугат. Ошондой эле Лейлек районунун Максат айылында мектеп окуучулары менен жолугуп, андан соң Баткен районунун Ак-Сай айылында жаш балбандар үчүн мастер-класс өткөрүү пландалууда», — деп айтылат маалыматта.