Айсулуу Тыныбекова: «Бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм»

Балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионунда мыктылыгын көрсөткөн кыргызстандык спортчулар — Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаиловду куттуктап, алар менен сыймыктанарын жазды.

«Акжол, Жоламан жана Амантур, силерди жеңишиңер менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мен биздин жетишкендиктерибиз жана спортчуларыбыз менен сыймыктанам! Ошондой эле бул ийгиликтердин башталышы гана экенин ишенимдүү түрдө айта алам. Мен дагы дүйнөнүн үч жолку чемпиону болуп күйөрмандарыма майрам тартуулайлы дедим эле, тилекке каршы эки жолу жеңишти камсыздап үчүнчүсүндө алдырып жибердим. Көпчүлүк мени капа болуп жатат деп ойлоп, тынчсызданып жатышат. Бирок андай эмес. Билесиңерби, мен бул окуяга тескерисинче бир аз кубандым. Анткени, бул жеңилүү мен үчүн сабак болду. Дагы да көп иштешим керек экенин сездим. Өзүм менен күрөшөм, күчтүү экенимди билем, баарына чыдайм!» — деп жазды ал.