Айсулуу Тыныбекова бутунан жаракат алып, сыйлык алууга чыккан жок

Бүгүн, 22-апрелде Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугунда күмүш медалга ээ болгон. Ал финалда япониялык спортчу менен беттешип, 9:1 эсебинде жеңилди. Бутунан жаракат алып, беттешти аягына чыгара алган жок.

Сыйлык тапшыруу аземина чыккан жок. Анын ордуна Айпери Медет кызы чыгып, медалын алды.