Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпиондугунда финалга чыга алган жок. Ал коло үчүн күрөшөт

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалга чыга алган жок.

Ал 62 килограммга чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык баскычтан баштап күч сынашты. Биринчи кармашта дүйнөнүн учурдагы чемпиону болгариялык спортчуну жеңсе, 1/4 финалда немис балбанды жеңип, 1/2 финалга жолдомо алган.

Финалга чыгуу үчүн күрөштө Тыныбекова япониялык Нонока Озаки менен беттешип, 5:11 эсебинде жеңилип калды. Эми 13-сентябрда кыргызстандык коло үчүн күрөшөт.