Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда

WW 62kg Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда өзүнүн позициясын бекемдеди.

Жаңыланган рейтинг Ослодо өткөн Дүйнөлүк чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлдү. Дүйнө чемпиондугунда Тыныбекова алтын утуп, чемпиондук наамын коргоду. Бул ага дүйнөлүк рейтингде 60 упай топтоого жана 1-орунга ээ болууга мүмкүнчүлүк берди. 2-орунда турган япониялык Юкако Каваи 68 упайга артта калды.