Айсулуу Тыныбекова Ислам шериктештиги оюндарында финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарында финалга чыкты. Ал 11-августта турнирде 62 килограммга чейинки салмак ченинде беттешин баштады.

Тыныбекова 1/4 финалдан баштап, Казакстандын спортчусун 12:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда кыргызстандык Сенегалдын өкүлүн жеңип, финалга чыкты. Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 20:30да башталат.