Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова беттеште жаракат алган бутун көрсөттү. Ал социалдык тармактагы баракчасына видео менен бөлүштү.
Кечээ, 22-апрелде Монголияда өтүп жаткан Азия чемпиондугунун финалында япониялык спортчуга утулуп, күмүш байгеге ээ болгон. Беттештин бүтөөрүнө 1 мүнөт 39 секунд калганда Тыныбекова бутунан жаракат алып, беттешти аягына чыгара алган эмес. Сыйлоо аземине да өзү чыккан жок.
Ал видеосуна «до свадьбы заживёт» деген жазуу калтырган.