Айсулуу Тыныбекова кичи мекенине барып, аксакалдардан бата алды

Бүгүн, 20-октябрда Кочкор районунун жергиликтүү бийлиги жана айыл тургундары дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованы тосуп алышты. Ал Нарынга ата-энеси жана машыктыруучусу менен барган.

Балбан кызга акимчилик тарабынан «Кочкор районунун ардактуу атуулу» жана «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамдары тапшырылган. Ошондой эле, машыктыруучусу Нурбек Изабековго да «Кочкор районунун ардактуу атуулу» наамы тапшырылып, акчалай сыйлык берилген. Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси дагы ыраазычылык кат жана белектер менен сыйланышты. Жыйынтыгында аксакалдар бата берип, Нурбек Изабеков менен Айсулуу Тыныбековага ийгилик каалап узатышкан.