Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусуна үй белек кылды

Балбан Айсулуу Тыныбекова машыктыруучусу Нурбек Изабековго Бишкектен бир бөлмөлүү үй белек кылды. Ал бул тууралуу кечээ, 18-мартта «Нурбек агай» деген даректүү тасманын бет ачарында айтты.

«Ушул күнгө дейре агай бизге билгенин үйрөтүп келет. Менде оор күндөр болуп жүргөн кезде ал мага өз үйүнөн бир бөлмө да бөлүп берген болчу. Мен бүгүн ага Бишкектен үйдүн ачкычын тапшыргым келип турат», — деди Тыныбекова.