Айсулуу Тыныбекова: «Олимпиадада алтын медаль алган соң, спорттук карьерамды жыйынтыктап, турмушка чыгайын дегем» (маек)

Бириккен күрөш дүйнөсү Дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекованын видеомаегин жарыялады. Видео кечээ, 18-ноябрда Ютуб каналына чыкты. 

«Күрөштө мен жашоомду, жаштыгымды жоготуп жаткандай сезилчү. Жеңилүүлөрдөн кийин менден мыкты спортсмен чыкпайт деп ойлойт элем. Бирок жанымдагы машыктыруучум ал жеңилүүлөр чоң ийгиликтерге жол ачарын айтып келди. Ал жан дүйнөмө ишеним, үмүт берип турду. Бирок менден мыкты спортсмен чыкпайт деген ойлорду дайыма ойлочумун. 2017-жылы Дүйнөлүк чемпионатта колумдан алган жаракатыма карабай, беттешке чыгып, коло медаль алган соң, менде ишеним пайда болду. Эгер жаракатым жок болсо, Дүйнө чемпиону болсом болот экен дедим», — деди балбан.

Ал мындан тышкары, кайсы гана беттешке чыкпасын анда толкундоо болорун айтты. «Кайсы гана спортсмен болбосун толкундануу болот. Бул толкунданууну өз убагында жеңип, сизди артка тартпаш үчүн туура багытта колдоно билишиңиз керек. Ар бир турнирде толкунданам. Токио Олимпиадасынын финалында менде толкундануу болгон жок. Тынчтык бар эле. Балким ошондон улам жеңилип калгандырмын. Ишеним күчөп, ичимден эч кандай толкундануу сезилген жок», — деди ал.

Спортчу ошондой эле Дүйнө чемпиондугундагы эки жеңишинин ортосунда кандай айырмачылыктар болгонуна токтолду. «Чоң айрымачылык бар. 2019-жылы Дүйнө чемпиону аталганда менде такыр башкача сезимдер болгон. Ошол учурда мен Дүйнө чемпиону аталганымды, Кыргызстандын желеги желбиреп, гимни ырдаларына ишенбей турдум. Бир нече ай эйфорияда болдум. Мен ага чейин ал жөнүндө кыялдануудан да коркчумун. Бирок 2019-жылда кыялым ишке ашкан күн болду. Ал эми кийинкисинде мен Олимпиада оюндарында жеңилип калгандыктан өзүмдү сынайын деп чечтим. Ошол эле учурда дүйнөлүк рейтингдеги ордумду сактап калгым келди. Норвегиядагы беттештер өзүмдү текшерүү үчүн мыкты шарт болду. Толкундануу да болду. Ошону менен бирге кийин Олимпиада оюндарына башкача мамиле кылышым керек экенин билдим», — деди ал. 

Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында күмүш медалга ээ болгонун сыймыктануу менен айтарын билдирди. «Мен Кыргызстанда кыздар арасында биринчи медаль алган спортчу болдум. 2016-жылы коло медаль да ала алган эмесмин. Менин оюмча, биз ар бир өткөн күнүбүздөн сабак алышыбыз кажет. Биз аны анализдеп, жашоону улантышыбыз керек. Жашоодо дайыма баары биз каалагандай боло бербейт. Жеңилүүлөрдү көтөрө билишибиз зарыл. Жашоо — бул күрөш. Ар бир адам өз алдынча күрөшөт. Олимпиадада алтын албай калгандагы сезимдеримди ошол эле күнү коё бердим. Күмүш медалды алтындан бийик кабыл алдым. Анткени Кыргызстан мени колдоду. Кайсыл жерде, канчанчы орун алсаң да, адам бойдон калышың керек. Мен ойлобогондой колдоо алдым. Ага чейин алтын медаль алам деп ишенгем. Алтын медалды багындырган соң, спорттук карьерамды жыйынтыктап турмушка чыгып, өзүмдүн жеке иштерим менен алек болоюн дегем. Бирок чоң спорт мени коё бергиси келбей жатканын билдим. Мен ошол үчүн жеңил кабыл алдым. Баарын салмактап көрүп, кийинки Олимпиадага катышайын деп чечтим», — деди ал.

Ал кантип кыял-максатка жетсе болору тууралуу да ой бөлүштү. «Алдыга гана караш керек. Өзүңө ишенишип, сен өзүңдүн эмгегиң менен дүйнөгө бир нерсеге татыктуу экениңди далилдешиң керек», — деди балбан.