Айсулуу Тыныбекова: «Өзүмдү азырынча келин катары элестете албайм»

Күрөш боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Инстаграмдагы окурмандарынын суроолоруна жооп берди. Дайымкыдай эле турмушка чыгуу тууралуу суроолор көп болгон. Бул тууралуу «Sport АКИpress» жазды.

— Качан турмушка чыгасыз?

— Кудай буюрса. Ал эми өзүмдү келин катары элестете албайм. Менин максатым башка.

— Кайсы сабактар ​​жакчу эле?

— Алгебра, математика, вышмат.

— Бишкекте качан сизге жан үрөсөк болот?

— Жакында (Бишкекте 1-4-июлдагы рейтингдик турнирдин жарыяланышынын сүрөтү менен бөлүштү). 

— Жашооңузда эмнени өзгөрткүңүз келет?

— Мен бул жөнүндө ойлогон эмесмин, бирок мен эч нерсени өзгөртмөк эмесмин.