Ак халатчандар «Мурас» мелдешин жеңип алышты

Бүгүн, 28-майда «Мурас» мелдешинин 1/4 финалы, жарым финалы жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 7:3 эсеби менен жеңип чыкты.

Финалдык оюнда «Спорттук федерациялар» «Ден-соолук» менен кез келип, негизги убакыттын соңунда эсеп саны тең калып, пеналтилер сериясында гана саламаттыкты сактоо өкүлдөрү жеңишти сууруп чыга алышты.

«Мурас» негизги мелдешинин жыйынтыгы:
1-орун — «Ден-соолук»
2-орун — «Спорттук федерациялар»
3-орун — «Президенттин командасы»
4 орун — «Коопсуздук»