Акжол Махмудов Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында финалга чыкты. Кыргызстандык балбан грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашууда.

Биринчи бөлүктө Ирандын өкүлү жеңишке жетишсе, экинчи бөлүктө кыргызстандык катары менен 9 упай топтоп, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетишти. Финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Махмудов Кореядан келген балбан менен беттешип, аны 4:1 эсебинде жеңип алды. Чемпиондук кур үчүн ал казакстандык балбан менен күрөшөт.

Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 16:00дө башталат.