Акжол Махмудов дүйнө чемпиондугунун финалында азербайжандык балбан менен күч сынашат. Беттеш бүгүн, 22-сентябрда Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.
Буга чейин Норвегия, Египет, Өзбекстан жана Япониянын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыкты. Бул жеңиш Париждеги Олимпиада оюндарына жолдомо алууга мүмкүнчүлүк берди.











