Акжол Махмудов жеке машыктыруучусуна Lexus GX 460 унаасын белек кылды

Олимпиада оюндарындагы күмүш медалдын ээси Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас белек кылды. Бул тууралуу соцтармакка Тахир Гафуров жазып чыкты.

«Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 унаасын белек кылды. Мейрамбек Ахметов учурда Норвегияда күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында калыстык кылып жаткандыктан, Акжол жол тандабастын ачкычын Мейрамбектин келинчеги, жеңем Күмүшканга тапшырды», — деп жазды ал.