Акжол Махмудов: «Күрөшүп жеңишке жеткенде башкача эмоция болмок»

Кечээ, 9-апрелде Акжол Махмудов Азиянын үчүнчү жолку чемпиону болду. 77 килограмм салмакта грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Махмудов Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда алтын медалга ээ болду. Финалдык беттеште ирандык балбан Амин Кавиянинеджад жаракат алгандыгына байланыштуу беттешке чыккан жок.

3 жолку чемпион жеңиши тууралуу комментарий берип жатып, сезимдери менен бөлүштү. «Күрөшүп жеңишке жеткенде башкача эмоция болмок. Бул таптакыр башкача. Мындай менин карьерамда биринчи жолу болуп жатат. Финалга чыктым, бирок атаандашым, досум жаракат алды. Мен ага жакшылык каалайм. Күрөшүп, жеңишке жеткенде жеңиш даамдуу болот», — деди Махмудов.