Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешин эки өлкөнүн федерация жетекчилери талкуулашты

Кыргызстан менен Орусиянын федерация жетекчилери Акжол Махмудов менен Роман Власовдун ортосунда өтүүчү беттешти талкуулашты.

Бул тууралуу kyrgyzstan_wrestling Instagram баракчасында жарыяланды. Бир күн мурун Москвада Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Орусиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвилинин жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Федерация жетекчилери бир катар маселелерди талкуулашты, анын ичинде Орусия менен Кыргызстандын алдыңкы балбандарынын келечектеги жолугушуусу жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов менен грек-рим боюнча дүйнөнүн эки жолку Олимпиадасынын жеңүүчүсү менен боло турчу беттеш талкууланды.

Олимпиаданын эки жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Европанын төрт жолку чемпиону Роман Власов Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси, кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов менен беттешүүгө даяр экенин билдирип, беттешке чакырган. Кийинчерээк беттештин Бишкекте 2022-жылдын май айында өтөрү маалым болду.