Алдыда алтын үчүн күрөш! Мээрим Жуманазарова финалга чыкты

WW 68kg - Meerim ZHUMANAZAROVA (KGZ)

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова бүгүн, 21-апрелде саат 16:00дө Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын үчүн күрөшөт. Ал жарым финалда монголиялык спортчу Дэлгэрмаа Энхсайханды 7:2 эсебинде жеңип, финалдык беттешке чыкты.

Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмактагы беттештин биринчи турунда казакстандык атаандашы Мадина Бакбергенованы 5:0 эсебинде утуп алды. Экинчи турда кыргыз балбан кыз кореялык спортчу Сужин Пакты 10:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

Финалда Мээрим Жуманазарова кайрадан Мадина Бакбергеновага кез келет. Ал жарым финалда япониялык спортчуну утуп алды.