Александр Крестинин «Дордой» футбол клубунун башкы машыктыруучулугунан кетти

«Дордой» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Бул тууралуу клубдун сайтында маалымдалды.

Ал команданы 2017-жылдын июнь айында жетектеп, анын жетекчилиги астында «Дордой» төрт жолу катары менен Кыргызстандын чемпиону (2018, 2019, 2020, 2021), эки жолу Кубоктун (2017, 2018) жана Суперкубоктун жеңүүчүсү болгон. Жалпысынан башкы машыктыруучу катары Александр Крестинин 169 беттеш өткөргөн.