Александр Крестининдин түз эфирден көрсөтүлбөгөнү боюнча териштирүү башталды

Футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарында Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди түз эфирден көрсөтүлбөгөнү боюнча териштирүү башталып, тийиштүү чара көрүлөт. Бул тууралуу КТРК Спорт каналынан продюсери Шайырбек Арапов билдирди.

Коомдук телерадио корпорациясынын режиссёру Эльдияр Айылчиев машыктыруучунун түз эфирден көрсөтүлбөгөнүн анын текебердигинин жыйынтыгы деп билдирген.