Алматыдагы эл аралык мелдеште Акжол Махмудов менен Айпери Медет кызы жарым финалга чыкты

WF 76kg Aiperi MEDET KYZY (KGZ)

Алматыда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандыктар Айпери Медет кызы менен Акжол Махмудов жарым финалга чыгышты. Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтынан көрсө болот.

82 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов Түркиядан барган спортчудан күчтүү болсо, эки раунддун жыйынтыгында Айпери Медет кызы жеңишке жетти. 77 килограммга чейинки салмак ченинде дагы бир кыргызстандык Ренат Ильяз уулу биринчи беттешинде жеңилип калды.

Кечээ Жоламан Шаршенбеков менен Атабек Азисбеков 3-орун үчүн беттешип, жеңишке жетишти.