Ап бали! Балбан Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-сапка чыкты

Грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 1-сапка чыкты. Бул тууралуу UWW сайтында жарыяланды.

Сербияда өткөн күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак ченинде катышкан Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болгон.