Азамат! Айпери Медет кызы Азия чемпиондугунда финалга чыкты

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Казакстанда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда финалга чыкты.

Ал 76 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, 1/4 финалдан баштаган. Алгач Медет кызы кореялык кызды 43 секундда жеңип, жарым финалда Япониянын өкүлүнөн күчтүү болду. Финалда кыргызстандык спортчу казакстандык Эльмира Сыздыкова менен күч сынашат.