Азия чемпионаты: Гүлнура Таштанбекова 3-орунга татыды

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Гүлнура Таштанбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында 3-орунду ээледи.
Спортчу 68 килограммга чейинки салмак ченинде 1/4 финалдык баскычтан баштап, анда түндүк кореялык По Гуонг Ри аттуу спортчуга 5:6 эсебинде утулуп келе жатып “туше” ыкмасын колдонуп жеңишке жетти. Жарым финалдык беттешин индиялык Радхия Радхияга утулду. Ал эми 3-орун үчүн казакстандык Альбина Каиргелдиновага дагы бир ирет “туше” ыкмасын колдонуп таза жеңишке жетти.