Кыргыз Республикасынын эркин күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Абдумалик Карачев Амман шаарында (Иордания) жаткан Азия чемпионатында алтын медалга ээ болду.
Спортчу 57 килограммга чейинки салмакта алгачкы айлампада Ирактын баланын 16:8 эсебинде, экинчи айлампада иорданиялык Сахиб Рамзи Салах Алмарафини 10:0 эсебинде утту. Үчүнчү айлампада монголиялык Жигуур Сарантуяны 8:0 эсебинде утуп, жарым финалдык беттеште индиялык Субхам Субхамды 10:0 эсебинде жеңди. Чечүүчү финалдык беттеште казакстандык Султан Курманалиевди 5:0 эсебинде жеңип, өз салмагында Азия чемпиону аталды.
Кечээ, 22-декабрда Бишкек шаарындагы “Жаштык” кичи аренасында чоңдор арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду. Иш-чаранын жүрүшүндө Хорватияда...
Кечээ, 22-декабрда грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын алкагында 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмак категориялары боюнча мелдештер...
Бишкек шаарында 13-14-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн “Мурас” футболдук турнири жыйынтыкталды. Анда биринчи орунду "Аймактар" командасы ээлеп, 400...
Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун катышуусунда 13-14-декабрда өтүүчү футбол боюнча "Мурас" мелдеши башталды. Мамлекет башчысы бардыгын турнирдин башталышы менен куттуктап, эң...
Бириккен Араб Эмирлигинде өтүп жаткан бокс боюнча дүйнө чемпионатында кыргызстандык спортчу Омар Ливаза финалга чыкты. Ал алгач Өзбекстандык Саят Ильясовду...