Азия чемпионаты (U17): Өмүрбек Асан уулу алтын медаль жеңди

Кыргыз Республикасынын эркин күрөшү боюнча кадеттер арасында (U17) курама команданын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Бишкек шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 60 килограммга чейинки салмак категориясында алтын медалдын ээси болду.

Спортчу 1/4 финалдан баштап 13:4 эсебинде түркмөнстандык балбанды утуп, жарым финалда индиялык спортчуну 8:2 эсебинде жеңди. Ал эми алтын медаль үчүн беттеште ирандык балбан Сажад Голамхассанды 2:1 эсебинде жеңип 1-орунду ээледи.