Кечээ, 13-апрель күнү Астана шаарында (Казакстан) өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатына катышкан кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарына кайтып келди.
Спортчуларды Маданият министринин орун басары Марат Тагаев, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, спортчулардын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.
Азия чемпионатынын алкагында кыз-келиндер күрөшү боюнча беттештер 11-12-апрель күндөрү өттү. Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 1 күмүш, 1 коло) жеңген.
62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова биринчи орунду ээлеп, Азиянын беш жолку чемпиону болду. 76 килограмм салмак категориясында катышкан Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды. 59 килограмм салмакта Калмира Билимбекова коло медалга ээ болгон.
Курама команда улук машыктыруучу Байгазы Кенжебаев, башкы машыктыруучу Нурбек Изабековдун жана жеке машыктыруучу Чынарбек Изабековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышкан.
Социалдык тармактарда балбан Айсулуу Тыныбекова менен жолдошунун тойдогу видеосу тарады. Видео кечээ, 18-декабрда Олимпиаданын коло медалынын ээси Үзүр Жузупбековдун үйлөнүү тоюнда...
Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына жолдошу менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. "Бүгүн мен сиздер менен жашоомдун эң маанилүү бөлүгү менен бөлүшүүнү...
Кыргызстандык Валентина Шевченко кыргыз кийимин кийген видеосу менен бөлүштү. Ал видеону социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Валентина Шевченко - аралаш мушташ...
Мушкер Дмитрий Бивол орусиялык Артур Бетербиев менен реванш үчүн даярдыкты Кыргызстанда көрө баштады. Кыргызстандын бокс федерациясы даярдыктын биринчи этабы Ысык-Көлдө...
Учурда тойго кызуу даярданып жүргөн балбан кыз Айсулуу Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасындагы катталуучулардан келген суроолорго жооп берип жатат. Алгач эле...