Азия чемпиону Айпери Медет кызы: «Өзүмдүн күрөшкөнүмө 100 пайыз ыраазымын деп айта албайм»

Азия чемпиону Айпери Медет кызы өзүнүн күрөшкөнүнө 100 пайыз ыраазымын деп айта албарын билдирди.

«Бардык спортчулардай эле алтын алам деп баргам. Азия биринчилигине абдан жакшы даярдык көрдүк деп айтсам болот. Чемпиондук алганга чейин 2 күмүш медалдын ээси болчумун. Мунусуна алтын байгенин ээси болуп отурам. Бирок мен өзүмдүн күрөшкөнүмө 100 пайыз ыраазымын деп айта албайм. Машыктыруучулардын айтканын толук аткара албай калдым. 100 пайыз ачык күрөш көрсөтө алган жокмун. Күчтүүлөрдөн Япониядан келген спортчу болду», — деди ал.