Кыргыз курама командасынын дзюдочусу Эрлан Шеровго 2 бөлмөлүү батир берилет. Бул тууралуу Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев билдирди.
Шеров 90 килограмм салмакта 1-орунду ээлеп, алтын медаль тагынды. Бул алтын Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарында биринчи, ошондой эле Азия оюндарында кыргыз дзюдосунун тарыхында биринчи жолку болду.
“Дзюдо федерациясы өнөктөштөрү менен биргеликте Эрланга эки бөлмөлүү батир берет. Бул башка спортчулар үчүн жакшы стимул болот», — деди ал.