«Байге убадалангандан эки эсе аз». Ошто улакчылардын нааразычылык акциясы болду

Кечээ, 31-августта Ош шаарында улакчылардын нааразычылык акциясы болуп өттү. Маалыматка караганда, алар эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналып, өткөрүлгөн көк бөрү боюнча биринчиликте байгелер убадаланган суммадан эки эсе аз берилгенин айтышты. Мелдеште биринчиликти алган «Кара-Кулжа» командасы нааразы болуп, президенттин Оштогу өкүлчүлүгүнө барышкан.

Буга чейин уюштуруучулар тарабынан улакчыларга көк бөрү боюнча мелдешке жалпы фонддон 500 миң сом каралганы, 1-орунга 250 миң сом, 2-орунга 150 миң сом, 3-орунга 100 миң сом берилерин айтышкан. Бирок 1-орунга 90 миң сом, 2-орунга 63 миң сом, 3-орунга 20 миң сом берилген.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жеңүүчүлөргө 100 миң сом, президенттин Оштогу өкүлү Зиядин Жамалдинов 70 миң сом берген. Андан 1-орунга 40 миң сом, 2-орунга 30 миң сом, 3-орунга 20 миң сом эле берилип, улакчылардын нааразычылыктарын жаратышкан.

Улакчылар атайын аттарды Таластан, Токтогулдан жалдап алып келип, 1 айдан бери даярданышканын айтышкан.