Бактысына чек жок! Мессинин күйөрманы аны кучагына кысуу үчүн футбол талаасына чуркап чыкты

Кечээ, 15-июнда Пекинде Аргентина менен Австралиянын достук беттеши учурунда футбол талаасына күйөрман чуркап чыккан. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Ал түз эле аргентиналыктардын капитаны Лионель Мессиге чуркап барып, аны кучактаган. Тартип сактоочулар бир канча мүнөт анын артынан жетпей чуркашкан. Кийин аны кармап, футбол талаасынан алып чыгып кетишти. Күйөрман колго түшүп калганына карабай, кытай соцтармактарында тараган фото жана видеолордон бактылуу экени көрүнөт.