Балбан кыздар Мээрим Жуманазарова менен Сезим Жуманазарова тууган-уругунан бата алышты (видео)

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында коло байге жеңген кыргызстандык спортчу Мээрим Жуманазарова менен анын сиңдиси — жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон Сезим Жуманазарова Бишкектеги тойканалардын бирине жакындарын чакырып, бата той өткөрүштү. Тойдо тартылган видео, сүрөттөр соцтармактарга тарады.

Тойду ырчы Гүлзада Рыскулова «Курманбек дастаны» менен ачып берген. Ал эми алып баруучулук түйшүк Канат Шабданбековго артылган. Тойго бир нече эстрада ырчылары барып, конокторго жагымдуу маанай тартуулашты.