Баракелде! Кыргыз футболчулары БАЭ командасын утуп алды

Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирликтеринин командасын жеңип алды.

Эки команданын беттеши Фуджайра стадионунда өттү. Оюн 2:1 эсеби менен аяктады.

Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.