Баяман Эркинбаевдин элесине арналган белбоо күрөшү боюнча мелдеш өттү

14-апрель күнү Бишкекте «Алыш» белбоо күрөшү боюнча Баяман Эркинбаевдин элесине арналган гран-при эл аралык мелдеши өттү. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Индиядан келген жалпы 72 спортчу катышты.

Мелдеште Кыргызстандын курама командасы жалпы 28 медаль (10 алтын, 11 күмүш, 7 коло) жеңди. Байге фонду 540 миң сомду түздү.