Бириккен күрөш дүйнөсү Айсулуу Тыныбековага ийгиликтери үчүн 10 миң доллар берет

Бириккен күрөш дүйнөсү кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбековага быйылкы жараткан ийгиликтери үчүн 10 миң доллар сыйлык берет.

Маалыматка караганда, эл аралык спорттук уюм бул жылдын жыйынтыгын чыгарып жатат. Дүйнөлүк рейтингдеги алдыңкы үчтүккө кирген спортчуларга жыл сайын акчалай сыйлык берилип турат. Кыргызстандык спортчу быйыл да UWW версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда өзүнүн позициясын бекемдеген

Жаңыланган рейтинг Ослодо өткөн Дүйнөлүк чемпиондугунун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн. Дүйнө чемпиондугунда Тыныбекова алтын утуп, чемпиондук наамын коргоп, 60 упай топтоп, 1-орунга чыккан.