Бишкекте кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курулат

Спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү максатында Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү.

«Ушул жылы Кыргызстандын балбандары ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку спорттук натыйжаларга жетишишти. Алардын арасында байгелүү орундарга ээ болуп, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда өзгөчөлөндү. Министрлер кабинети жакынкы арада аталган объектинин курулушун баштап, ал өлкөбүздө спортту жайылтууга өбөлгө болуп, калк арасында сергек жашоо образына кызыгууну арттырып, ошондой эле жаштарда бул спорттун түрү менен кесипкөй машыгууга кызыгуусун жогорулатат. Бул спорттук залда спортту калк арасында кеңири жайылтуу үчүн бардык зарыл шарттары болот», — деп айтылат маалыматта.